ОшМПУнун кызматкери V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун кызматкери V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында
13 сентябрь 2024
265

ОшМПУнун кызматкери V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында

Казакстандын Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин дене-тарбия факультетинин деканы Абдувахаб Капаров калыстар тобунун курамында болду.
Эл аралык даражадагы калыс А.Капаров спорттун таяк-тартыш (мас-рестлинг) түрү боюнча жогорку деңгээлде калыстык кылып, уюштуруу тобунун атайын сыйлыгына татыды.
Белгилей кетсек Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды.
Аталган иш-чаранын ачылышы 8-сентябрда болуп, ага бир катар өлкөлөрдүн башчылары, анын ичинде Садыр Жапаров дагы катышкан.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы 21 спорттун түрү боюнча мелдештер өтүп, 80ден ашык өлкөдөн 2000ден ашык спортчу катышканы кабарланды.
Мындан тышкары, маданий жана илимий иш-чаралар уюштурулду.
Оюндардын жыйынтыгы менен жалпы медалдык эсепте Казакстан 44 алтын, 34 күмүш, 37 коло, жалпы 115 медаль утуп биринчи орунду алды. Ал эми экинчиде 65 медаль, анын ичинен 19у алтын, 21и күмүш, 25и коло менен Кыргызстан жайгашты.
Үчүнчүдөгү Өзбекстанда 34, төртүнчүдөгү Россияда 46 медаль бар.
Уюштуруучулардын сайтындагы маалыматка ылайык, оюндарга катышкан 86 өлкөнүн 53ү мелдешти медалсыз жыйынтыктаган.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт.
Көчмөндөр оюндары 2014-жылдан бери ар эки жылда өтүп келе жатат. Алгачкы үчөө Кыргызстанда, төртүнчүсү Түркияда өткөн. (Булак: Sputnik)  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro