АНДИЖАН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ ОшМПУда КОНОКТО » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » АНДИЖАН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ ОшМПУда КОНОКТО
16 октябрь 2024
2

АНДИЖАН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ ОшМПУда КОНОКТО

АНДИЖАН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ ОшМПУда КОНОКТО
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетине Өзбекстан республикасына караштуу Андижан мамлекеттик университетинен өкүлдөр келишти.
Мында окуу жайга Андижан мамлекеттик университетинин спорт жана музыкалык факультетинин деканы Зохиджон Жумакулов, кафедра башчы к.п.н., доцент Сахибжон Ниязов жана ф.и.д., (PhD) доцент Шоирбек Темиров келип, алгач университеттин ректору Бекмурза Зулуевдин кабыл алуусунда болушту.
Жыйында эки окуу жайдын өз ара кызматташтыгы, алдыдагы максаттуу пландары, билим берүүдөгү бир топ натыйжалуу иштерди биргеликте ишке ашыруу, мобилдүүлүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Андан соң коноктор дене тарбия факультетинин деканы Абдубахап Капаровдун жетектөөсү менен окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып чыгышты.
Бул менен бирге аталган өкүлдөр дене тарбия факультетинин студенттерине волейбол оюнуна киргизилген жаңы эрежелер, спорттук метрология предметинин негизги түшүнүктөрү боюнча маалымат берип, лекция окушту.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro