19 ноябрь 2024
4
ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ДЕКАНДЫН КУБОГУ СТАРТ АЛДЫ
ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ДЕКАНДЫН КУБОГУ СТАРТ АЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин дене тарбия факультетинде декандын кубогу старт алып, ага ылайык бүгүн окуу жайдын спорттук аянтчасында мелдештин ачылуу аземи өткөрүлдү.
Салтка айланган бул иш чара студенттердин спортко болгон жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу, тайпалар аралык ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулуп, ага аталган факультеттин 1-курстан 4-курска чейинки студенттери катышууда. Мында жобого ылайык ар бир тайпадан түзүлгөн командалар волейбол, таяк тартыш, ордо, жеңил атлетика , тогуз коргоол, футбол оюндары боюнча күч сынашат.
“Мелдештин жылдагыдан өзгөчөлүгү быйыл окуу жайдын колледж бөлүмүнүн дт-22 тайпасын дагы коштук. Дагы бир өзгөчөлүгү алдыда Россиянын Ярослав мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери да биздин окуу жайдын спортчулары менен волейбол ойношот. Буюрса кийинки жылдан тартып бул кубоко колледжди да кошуп, башка ЖОЖдор аралык аренада дагы кеңейтип өткөрсөк деген деген ниетибиз бар” – дейт дене тарбия факультетинин деканы Абдувахаб Капаров.