22 ноябрь 2024
23
ПРОФЕССОР АБАКИР МАМЫТОВ ОКУУ ЖАЙДА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
ПРОФЕССОР АБАКИР МАМЫТОВ ОКУУ ЖАЙДА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин дене тарбия факультетинде конок-лекция өткөрүлдү.
Иш чарага дене тарбия факультетинин деканы Абдувахаб Капаров, окуу жайдын ардактуу окутуучусу Мурзаш Жумабаев баштаган окутуучулар жана студенттер катышып, лекциянын коногу көрүнүктүү окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абакир Мамытов болду.
Мында лектор катышуучуларга “Үчүнчү муундун дене тарбиясынын предметтик стандарттарына камтылган негизги идеялары жана аларды баалоо жолдору” деген темада лекция окуду. Ага ылайык окуу процессин уюштурууга болгон талаптар, анын натыйжалуулугун баалоодо критериалдык баалоону колдонуу, бүтүрүүчүлөрдө каралган мүнөздүү белгилерди калыптандыруу боюнча маалыматтар айтылып, кызыктуу талкуу жүрдү.