27 ноябрь 2024
18
ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ КОНОК-ЛЕКЦИЯ
ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ КОНОК-ЛЕКЦИЯ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин дене тарбия факультетинде студенттерге арналган конок-лекция уюштурулду.
Саамалыка аталган факультеттин окутуучулары жана студенттери күбө болушту. Иш чаранын алгачкы бөлүгүндө Ош мамлекеттик университетинин табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун спорттук жана улуттук оюндар кафедрасынын профессору, бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык AIBA даражадагы калысы Турдалы Оморов студенттерге “Ош шаарындагы бокстун абалы жана келечеги” аталышында лекция окуду.
Аны улай самбо боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу, дзюдо боюнча эл аралык Continental даражадагы калысы, дене тарбиянын мыктысы Таалайбек Сатиев катышуучуларга дзюдо боюнча мелдештин эрежелеринин өзгөрүүсүнө жараша спортчулардын тактикалык даярдыгы жөнүндө кеңири маалыматтарды берди. Жыйынтыгында жаш спортчулар тарабынан кызыктырган суроолор берилип, лекторлордон тиешелүү жооптор алынды.