15 январь 2025
64
СПАРТАКИАДА: БИРИМДИККЕ ЧАКЫРГАН БАСКЕТБОЛ ОЮНУ
СПАРТАКИАДА: БИРИМДИККЕ ЧАКЫРГАН БАСКЕТБОЛ ОЮНУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окутуучулар арасында уюштурулган кышкы спорттук спартакиада кызуу уланууда.
Ага ылайык бүгүн окутуучулардан жана кызматкерлерден куралган командалар шамдагайлыкты талап кылган спорттун баскетбол түрү боюнча мелдеш курушту. Жобого ылайык ар бир командада 3 эжеке жана 2 агай ойноду. Спартакиада күйөрмандардын катуу сүрөөнү менен коштолуп, оюнчулардын күчтүү эмоциясы зор атааңдаштыкты жаратты.
Мында катышуучулар айлампа системасында ойноп, эң көп упай топтогон команда жеңүүчү аталды. Бул спорттук саамалык окутуучулар арасында баскетболду мындан ары да өнүктүрүүгө, дени сак жашоо образын жайылтууга жана командалык ынтымакты бекемдөөгө маанилүү кадам болду.