4 март 2025
28
ОшМПУнун студенттери дүйнөлүк мелдештен жеңиш менен кайтты
ОшМПУнун студенттери дүйнөлүк мелдештен жеңиш менен кайтты
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери спорттун кикбоксинг түрү боюнча Эл аралык турнирде жеңишке жетишти.
Мелдеш Россиянын Новосибирск облусуна караштуу Барнаул шаарынын Алтай крайында өткөрүлүп, мында дүйнөнүн 10 мамлекетинен келген спортчулар өз күчүн сынашты. Катарда окуу жайдын дене тарбия факультетинин студенттери да кызуу мелдеш куруп, натыйжада Асан Абдывахапов 1-орунду, ал эми Бекзад Урунбаев 2-орунду багындырды.
Жеңүүчүлөр уюштуруу тобу тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Белгилей кетсек аталган студенттерге ОшМПУнун окутуучусу, бокс, кикбоксинг боюнча спорт чебери, тренер Махаматсадык Эркинбаев жетекчилик кылат.