ОшМПУ УЛУТТУК ЛИГАДА 1-ОРУН! » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУ УЛУТТУК ЛИГАДА 1-ОРУН!
6 апрель 2025
45

ОшМПУ УЛУТТУК ЛИГАДА 1-ОРУН!

ОшМПУ УЛУТТУК ЛИГАДА 1-ОРУН!
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин балдар командасы Республикалык универсиаданын волейбол боюнча улуттук лигасында жеңишке жетишти. Жеңүүчүлөр алдыда Германияда өтүүчү студенттердин эл аралык волейбол мелдешине жолдомо алышты.
Аталган унивесиада дене тарбия жана спорттун түптөлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, бул жылы волейболдун ХVII чемпионаты өттү. Ага өлкө ичиндеги жогорку окуу жайларынын командалары активдүү катышып, финалдык оюнда Дене тарбия академиясы менен бирге ОшМПУнун командасы беттешти.
Чемпионатта студенттер Акылбек уулу Бекжан, Аскаров Шабдан, Нуркамалов Айдар, Турганбаев Марсел, Алымов Амантур, Арапбаев Дениз, Сатарбеков Шеримбет, Таирбек уулу Курбанали, Осонов Арсен, Мустафакулов Исхак окуу жайдын намысын коргошту. Ал эми машыктыруучу Данияр Осмоналиев болду.
Белгилей кетсек универсиада 6-апрель Эл аралык спорт күнү менен Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулду.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro