ОшМПУда ДЕН СООЛУК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда ДЕН СООЛУК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
6 апрель 2025
43

ОшМПУда ДЕН СООЛУК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ОшМПУда ДЕН СООЛУК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ден соолук күнүнө карата массалык түрдө спорттук көнүгүү жасоо иш-чарасы өттү.
Салтка айланган бул саамалык окуу жай жетекчилиги жана дене тарбия факультети тарабынан уюштурулуп, ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулук жамаат жана студенттер активдүү катышты. Мында катышуучулар атайын спорттук форма кийип, окуу жайдын аянтчасында 30 мүнөттүк таңкы көнүгүүлөрдү жасашты.
Белгилей кетсек аталган иш-чара 6-апрель Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү, 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата, ошондой эле кыргыз спортунун жана ОшМПУнун 100 жылдыгына арналып өткөрүлдү.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro