ОшМПУнун ректору Республикалык мелдештин чемпиондорун куттуктады » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун ректору Республикалык мелдештин чемпиондорун куттуктады
8 апрель 2025
32

ОшМПУнун ректору Республикалык мелдештин чемпиондорун куттуктады

ОшМПУнун ректору Республикалык мелдештин чемпиондорун куттуктады
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев Республикалык универсиаданын волейбол боюнча жогорку лигасында жеңиш менен келген студенттерди кабыл алып, жетекчиликтин атынан куттуктады.
Мында ректор мелдештен зор ийгилик менен келген спортчуларды кызуу куттуктап, алардын тарых жараткандыгын айтып, мындан ары окуу жайдын атын дүйнөгө чыгара беришине тилектеш экендигин билдирди. Ошондой эле алардын бул ийгилиги болочок спортчулардын дагы да алдыга кадам таштоосуна бир топ стимул боло ала тургандыгын баса белгилеп, кубанычта экенин кошумчалады. Ошондой эле университеттин дене тарбия факультетинин ардактуу окутуучусу Мурзаш Жумабаев жеңиш ээлерине жана машыктыруучусуна ак батасын берип, алкады.
Аталган универсиада борбор калаадагы Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлүп, анда өлкө ичиндеги жогорку окуу жайлардан волейбол боюнча 12 команда катышкан. Натыйжада 3-орунду Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, 2-орунду Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, ал эми 1-орунду Ош мамлекеттик педагогикалык университети камсыздаган. Алдыда окуу жайдын чемпиондору Германия өлкөсүндө өткөрүлүүчү дүйнөлүк мелдеште өлкөнүн намысын коргошот.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro