21 апрель 2025
50
Кыргыз спортуна 100 жыл: ОшМПУнун студенттери кикбоксинг боюнча чемпионаттан байгелүү кайтышты
Кыргыз спортуна 100 жыл: ОшМПУнун студенттери кикбоксинг боюнча чемпионаттан байгелүү кайтышты
2025-жылдын 17–21-апрелинде Кыргыз спортунун 100 жылдыгына арналган спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча чемпионаты болуп өттү.
Бул таймашка Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин дене тарбия факультетинин студенттери да активдүү катышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү. Натыйжада окуу жайдын намысын коргогон төмөнкү спортчулар байгелүү орундарды камсыз кылышты:
Дт-1-22 тайпасынын студенти Асан Абдывахапов 1-орун
Дт-2-24 тайпасынын студенти Кутман Максатбеков 1-орун
Дт-3-23 тайпасынын студенти Үсөн Абдывахапов 3-орун
Дт-21-1 тайпасынын студенти Нуркелди Назарбеков 3-орун
Дт-24-1 тайпасынын студенти Арслан Мендибаев 3-орун
Ошондой эле Асан Абдывахапов менен Кутман Максатбеков өздөрүнүн мыкты чеберчилиги жана тынымсыз эмгеги аркылуу “Спорт чебери” наамын толтурушту. Жигиттердин бул ийгилигине алардын машыктыруучусу, спорт чебери Махамадсадык Эркинбаев чоң салым кошту.