23 апрель 2025
17
Республикалык мелдештин жеңүүчүлөрүн ректор куттуктады
Республикалык мелдештин жеңүүчүлөрүн ректор куттуктады
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев бокс жана кикбоксинг боюнча Республикалык мелдеште ийгилик жараткан студенттерди жана алардын машыктыруучусун кабыл алды.
Ректор, аталган мелдешке катышкып, албан ийгиликтер менен келген спортчуларды кызуу куттуктап, мындан ары да окуу жайдын, өлкөнүн атын дүйнөгө чыгара беришине тилектештигин билдирди. Мындан сырткары бул сыяктуу сыймыктуу жаштарыбызга жамааттын атынан колдоолор болоорун кошумчалады.
Эскерте кетсек 2025-жылдын 17–21-апрелинде Кыргыз спортунун 100 жылдыгына арналган спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча чемпионаты өтүп, анда университетинин дене тарбия факультетинин студенттери мыкты жыйынтыктарды көрсөтүшкөн. Бул менен бирге ЖОЖдор аралык өткөрүлгөн универсиаданын бокс боюнча 1-лигасында ОшМПУнун командасы 2-орунду багындырган. Спортчуларды машыктыруучусу Махамадсадык Эркинбаев жетектеп барган.

