ОшМПУда МУГАЛИМДЕРДИН КҮНҮНӨ КАРАТА ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮҮДӨ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда МУГАЛИМДЕРДИН КҮНҮНӨ КАРАТА ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮҮДӨ
5 октябрь 2022
605

ОшМПУда МУГАЛИМДЕРДИН КҮНҮНӨ КАРАТА ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮҮДӨ

ОшМПУда МУГАЛИМДЕРДИН КҮНҮНӨ КАРАТА ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮҮДӨ
Мугалимдердин кесиптик майрамы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ар кандай форматтагы иш чаралар менен коштолууда. Анын катарында Гуманитардык факультетинин Т-21 тайпасы ачык-тарбиялык саат уюштуруп, ага факультеттин эмгек жамааты жана студенттер күбө болушту.
Иш чара “Мугалимдер бизге насаат үлгүсүңөр, жол көрсөткөн бизге тунук күзгүсүңөр” аталышында болуп, алгач теманын алкагында тайпанын жетекчиси интерактивдүү сабагын өттү. Аны улай студенттер өз чыгармачылыктарын тартуулашып, мугалимдерге арналган ырларды, көркөм окуу жана бийлерди аткарышты.
Тарбиялык саат педагогикалык кесипти аркалоого баш баккан жаш студенттерге мугалимдин ардактуу ары сыймыктуу экенин көрсөтүп, келечекте эң мыкты кесиптин ээси болооруна ишенимин бекемдөө максатында өткөрүлдү.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro