«Социалдык иштер жана коомдук илимдер» кафедрасы » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » «Социалдык иштер жана коомдук илимдер» кафедрасы
17 ноябрь 2022
1 169

«Социалдык иштер жана коомдук илимдер» кафедрасы

 «Социалдык иштер жана коомдук илимдер» кафедрасы

“Социалдык иштер жана коомдук илимдер” кафедрасы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин  түзүмдүк бөлүмү катары “Социалдык иш” адистерин  чыгаруучу базалык кафедра болуп саналат.  Бул багыттагы адистерди даярдоочу система өзүнө билим берүү, илимий  таанып-билүү жана студенттердин практикалык ишмердүүлүгүн уюштуруу иштерин камтыйт.

Кафедранын негизги максаты:

  • кафедралык дисциплиналар боюнча окуу-усулдук жана илимий-изилдөөчүлүк иштерди тиешелүү деңгээлде уюштуруу;
  • студенттерге тарбия берүү иштерин жакшыртуу жана алардын жөндөмдүүлүктөрүн кеңейтүү;
  • илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;
  • студенттердин илимий-практикалык ишмердүүлүктөрүн уюштуруу;
  • жогорку деңгээлдеги адистерге талап кылынуучу кесиптик билим берүүнү камсыз кылуу;
  • студенттердин тандоосун бекемдөө жана алардын инсандык-интеллектуалдык, нравалык таламдарын канаатандыруу;
  • кафедранын профилдик илимий-изилдөө иштерин  жакшыртуу ж.б.

“Социалдык иштер жана коомдук илимдер” кафедрасы “Социалдык иш” адистиги багытындагы жогорку “бакалавр” квалификациясын даярдайт.

Кафедра төмөнкү негизги дисциплиналар боюнча иш алып барат:

  • социалдык иштердин теориясы жана тарыхы;
  • социалдык иштердин технологиясы жана методикасы;
  • үй-бүлө таануу жана гендердик саясат;
  • социалдык квалиметрия, социалдык тейлөөнү стандартташтыруу жана сапаттык баалоо
  • калкты социалдык коргоо жана социалдык иштердеги камсыздоо укугу;
  • социалдык консультация берүү;
  • социалдык долборлоо жана социалдык иштерди моделдештирүү;
  • социалдык психология;
  • чет өлкөдөгү социалдык иштер;
  • социалдык иштердеги практикум;
  • социология;
  • социалдык педагогика;
  • социалдык этнография жана демография;
  • социалдык иштердеги конфликтология;
  • кыргызстандагы социалдык иштер;
  • социалдык иштердеги жаштар проблемасы;
  • “социалдык иш” адистигине киришүү;
  • калктын түрдүү топтор менен иштөөдөгү социалдык иштердин тажрыйбасы;
  • маданий эс алуу ишмердүүлүгүн уюштуруу;
  • социалдык антропология;
  • социалдык иштердин деонтологиясы ж.б.

Кафедранын  окутуучулары аудитордук сабактар  учурунда  жаңы  маалымат технологияларын жигердүү колдонушат. Студенттер ОГПИнин электрондук китепканасын, түрдүү интернет-ресурстарды жана эл аралык маалыматтык мейкиндикти   кеңири колдонуу мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы өзүнүн илимий-изилдөөчүлүк жана инновациялык ишмердүүлүктөрүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы билим берүү технологияларын колдонуп келе жатат.

Студенттерге билим берүү окутуунун төмөнкүдөй ыкмалары жана формалары аркылуу жүргүзүлөт: кичи топтор менен иштөө, баскет ыкмасы, кейс-стади ыкмасы, пресс-конференциялар, симпозиумдар, негизги булактар менен иштөө, бизнес жана ролдук оюндар ж.б.

Кафедранын окутуучулары илимий изилдөө иштерин жүргүзүү менен түрдүү эл аралык жана аймактык илимий конференцияларга, конгресстерге, симпозиумдарга, тегерек столдорго жана семинарларга катышат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары Кыргыз Республикасында, Россия Федерациясында жана башка чет өлкөлөрдө рецензияга ээ болгон  түрдүү илимий журналдарда жарык көрөт.

Биздин студенттер жыл сайын жогорку кесиптик билим берүү окуу жайлары арасындагы аймактык олимпиадаларга жана сынактарга катышат. Акыркы үч жыл ичинде  “Социалдык иш” адистигинде билим алып жаткан студенттер бул мелдештерде 1- орунду  ээлеп келишти. Ошондой эле, биздин  студенттер башка коомдук өнүккөн өлкөлөрдө эл  аралык  практика өтөп, тажрыйба топтоп жатышат (мисалы, Санкт-Петербург , Кемерово).

Кафедранын илимий ишмердүүлүктөрүнүн багыттары:

  • кыргызстандагы балдар арасындагы кароосуздук жана көзөмөлсүздүк;
  • калктын социалдык аялуу катмарларынын көйгөйлөрү;
  • социалдык оорулар ж. б.

Кафедрада адистикти тейлеген профессордук-окутуучулук курам түрдүү бейөкмөт уюмдары менен биргеликте  аймактык социалдык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышат.

Кафедра ошондой эле, КМШ жана чет өлкөлөрдүн алдыңкы жогорку окуу жайлары менен кызматташат: СПбГУ, СПбГИПиСР (Россия  Федерациясы), КГНУ (Бишкек), ОшГУ, ОшТУ, ЖАГУ ж.б.

Кафедрада профессордук - окутуучулук курамда 3 илимдин кантидаты,доценттер,4 ага окутуучу, магистрлер   жана 1 лаборант эмгектенет.

Бүгүнкү күндө «Социалдык иштер жана коомдук илимдер» кафедрасын тарых илимдеринин кандидаты, доцент Зулпуева Рабы Жаңыбаевна  жетектейт.

 

Кафедранын профессордук - окутуучулук курамы

Кафедрада 4 илимдин кандидаты,доценттер жана 4 улук окутуучу, магистрлер 1 лаборант-ассистент эмгектенент

   

 

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro