ОКУТУУЧУЛАРДЫН КЕЗЕКТЕГИ УСУЛДУК СЕМИНАРЫ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОКУТУУЧУЛАРДЫН КЕЗЕКТЕГИ УСУЛДУК СЕМИНАРЫ ӨТТҮ
30 январь 2023
352

ОКУТУУЧУЛАРДЫН КЕЗЕКТЕГИ УСУЛДУК СЕМИНАРЫ ӨТТҮ

ОКУТУУЧУЛАРДЫН КЕЗЕКТЕГИ УСУЛДУК СЕМИНАРЫ ӨТТҮ
23- 27-январь күндѳрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде KG TESOL англис тилчилер ассоциациясынын окутуучулары тарабынан усулдук семинар өткөрүлдү.
Иш чара «Best practices for teaching English through collaboration and compassion» аталышында болуп, офлайн жана онлайн форматта өттү. Ага ОшМПУнун жана КӨЭАУнун англис тили предметинин окутуучулары катышып, ѳз билимдерин ѳркүндѳтүштү.
Мында окутуучулар англис тилин окутууда маанилүү жана зарыл болгон жаӊы идеялардын жаралышына түрткү берген кѳптѳгѳн усулдук жардамдарды алышты. Ар бир усулдук тема , кызуу талкуулар, ойлор жана практикалык иштер менен бышыкталды.
Жыйынтыгында KG TESOL тренерлерине катышуучулар семинардын бир топ жемиштүү жана пайдалуу болгонун баса белгилешип, уюштуруу тобу тарабынан окутуучулар сертификаттарга ээ болушту.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro