СТУДЕНТТЕРДИ ТАПКЫЧТЫККА ТАКШАЛТКАН SPELLIHG BEE СЫНАГЫ ОшМПУда » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » СТУДЕНТТЕРДИ ТАПКЫЧТЫККА ТАКШАЛТКАН SPELLIHG BEE СЫНАГЫ ОшМПУда
24 февраль 2023
223

СТУДЕНТТЕРДИ ТАПКЫЧТЫККА ТАКШАЛТКАН SPELLIHG BEE СЫНАГЫ ОшМПУда

СТУДЕНТТЕРДИ ТАПКЫЧТЫККА ТАКШАЛТКАН SPELLIHG BEE СЫНАГЫ ОшМПУда
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Гуманитардык факультетинде “Spelling Bee” аталышында студенттердин сынагы болуп өттү.
Иш чарага англис тили адистигинин студенттери катышып, ага факультеттин окутуучулар жамааты күбө болушту. Аталган сынак эки бөлүктөн туруп, алгач студенттер “Akeelah and the bee” (Акылай жана аарылар) аттуу англис тилиндеги тасманы көрүштү.
Андан соң “Spelling Bee” (тамагалап айтуу) конкурсуна катышууга даярданышып, Kahoot тиркемесинде даярдалган тесттерге жооп беришти. Тесттен эң жогорку упайга ээ болгон 15 катышуучу финалга чыгып, тапкычтыгы, ой жүгүртүүсү мыкты студенттер жеңүүчү аталышты.
Бул конкурс студенттердин англис тилиндеги сөз байлыгын байытууга, сөздөрдү так жана туура жазууга, тил үйрөнүүгө кызыгуусун арттыруу максатында университетте алгачкы ирет уюштурулуп жатат. Уюштуруу тобу жыл сайын бул саамалыкты салттуу түрдө өткөрүүнү максат коюшууда.
Сынак жогорку маанайда уланып, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сертификаттар жана баалуу белектер тапшырылды.
Эскерте кетсек 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Гуманитардык факультетинде 1 айлык жарыяланып, анын алкагында аталган конкурс жана ачык тарбиялык сааттар өтүлүп, дубал гезиттер даярдалган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro