ЭЖЕКЕЛЕР ЖАМААТЫ СПОРТ МЕЛДЕШИНДЕ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ЭЖЕКЕЛЕР ЖАМААТЫ СПОРТ МЕЛДЕШИНДЕ
9 март 2023
263

ЭЖЕКЕЛЕР ЖАМААТЫ СПОРТ МЕЛДЕШИНДЕ

ЭЖЕКЕЛЕР ЖАМААТЫ СПОРТ МЕЛДЕШИНДЕ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата окутуучу эжекелер ортосунда спорттун волейбол, тогуз коргоол жана шахмат түрлөрү боюнча мелдештер болуп өттү.
Иш чараны алгач окуу жайдын ректору Бекмуза Зулуев ачып берип, айымдарды жаз майрамы менен кызуу куттуктап, аял затына бекем ден соолук, бакубат жашоо жана аялдык бакыт каалады. Андан соң командалар чучук-улак тандашып, оюнга киришишти.
Мелдеш, жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө менен спортту өнүктүрүү жана ден соолукту чыңдоо максатында окуу жайдын дене тарбия жана гуманитардык факультети тарабынан уюштурулган.
Жыйынтыгында тогуз коргоол мелдеши боюнча 3-орунду ректораттын кызматкери Элвира Койлубаева, 2-орунду табият таануу жана география факультетинин кызматкери Нурайым Аматова жана 1-орунду математика жана компьютердик технологиялар факультетинин окутуучусу Гүлбарчын Алибекова камсыздады. Ал эми шахмат боюнча 1-орунду англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасынын улук окутуучусу Элиза Рахманова, 2-орунду ошол эле кафедранын усулчусу Беназир Тешебай кызы ээледи.
Ошондой эле волейбол оюну боюнча 3-орунга Музыкалык-педагогикалык факультети, 2-орунга Колледж бөлүмү, 1-орунга Табият таануу жана география факультетинин айымдары ээ болушту. Жеңүүчү командалар жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro