НООРУЗ МАЙРАМЫНА КАРАТА АЧЫК ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛҮҮДӨ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » НООРУЗ МАЙРАМЫНА КАРАТА АЧЫК ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛҮҮДӨ
16 март 2023
538

НООРУЗ МАЙРАМЫНА КАРАТА АЧЫК ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛҮҮДӨ

НООРУЗ МАЙРАМЫНА КАРАТА АЧЫК ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛҮҮДӨ
 Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде “Кыргыз элинин каада-салттары, турак-жайы, кийим-кечеси жана улуттук оюндары” аталышында ачык тарбиялык саат өтүлдү.
Сабакты тарых кафедрасынын окутуучусу Канатбек Казакбаев уюштуруп, ага Т-22 тайпасынын студенттери катышып, өз билимдерин жана чыгармачылыктарын тартуулашты. Ага факультеттин жетекчилиги, окутуучулар жамааты күбө болушту.
Иш чаранын жүрүшүндө тайпанын студенттери кыргыз элинин материалдык жана руханий маданияттарын чагылдырган сахналык көрүнүштөрдү чагылдырышты. Нооруз майрамынын жаралуу тарыхын баяндашып, анын бүгүнкү күндө кандай майрамдалышын көрсөтүү менен дасторкон үстүнө улуттук даамдарды жайышты.
Жыйынтыгында саамалыкка катышкан коноктор аткаруучу тайпага жана жетекчисине ыраазычылыктарды билдиришип, тарбиялык саатка сунуш-пикирлерин билдиришти.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro