ОшМПУда КОНСТИТУЦИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ БОЛУП ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда КОНСТИТУЦИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ БОЛУП ӨТТҮ
12 апрель 2023
205

ОшМПУда КОНСТИТУЦИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ БОЛУП ӨТТҮ

ОшМПУда КОНСТИТУЦИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ БОЛУП ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде 10-апрелден 19-апрелге чейин илимий-усулдук жумалык өтүп жатат.
Анын алкагында бүгүн «Үй-бүлөлүк никелик мамилелерди укуктук коргоонун Конституциялык негиздери» аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш чара социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага Ош облустук Сот департаментинин өкүлү, ЖОЖдордун окутуучулары жана юристтер катышты.
Тегерек столдо юридика илиминин доктору, профессор Алмагүл Кокоева баяндама жасады. Мында КРнын эгемендигинин чексиздигин жайылтуу, Конституциялык түзүлүштүн негиздерин өз алдынча аныктай алуу, элдин суверендүү укуктары жана үй-бүлөлүк мамилелерди укуктук коргоонун негиздери тууралуу талкуу жүрдү.
Белгилей кетсек, аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro