ОшМПУда ФАКУЛЬТЕТТЕР АРАЛЫК ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН БОЛУП ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда ФАКУЛЬТЕТТЕР АРАЛЫК ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН БОЛУП ӨТТҮ
13 апрель 2023
279

ОшМПУда ФАКУЛЬТЕТТЕР АРАЛЫК ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН БОЛУП ӨТТҮ

ОшМПУда ФАКУЛЬТЕТТЕР АРАЛЫК ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН БОЛУП ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Билимдүүгө дүйнө жарык” аталышында интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.
Аталган таймашта окуу жайдын факультеттеринин 2-курстарынан тандалып алынган 7 команда ат салышып, өз билимдерин сынашты. Катышуучулар жободо белгиленгендей “Кыргызстан тарыхы”, “Дүйнөлүк бренддер”, “Аралаш суроолор”, “Мультикино ааламы”, “Матрица УРУ” жана “Логикалык суроолор” аттуу категориялардагы суроолорго жооп берүү менен атааңдаштык жаратышты. Суроолор бардык предметтерди өзүнө камтып, логикалык акыл-эсти жогорулатууга багытталган.
Жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон 3 команда байгелүү орундарды ээлешти. Мында 3-орунга гуманитардык факультетинин “Diamond” командасы, 2-орунга математика жана компьютердик технологиялар факультетинин “Эйнштейн” тайпасы ээ болсо, 1-орунду музыкалык-педагогикалык факультетинин “Жаш канат” командасы багындырды. Жеңүүчүлөргө диплом, акчалай сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды. Андан соң уюштуруу тобу тарабынан студенттерге рамазан айынын урматына суу жана курмалар таратылды.
Белгилей кетсек интеллектуалдык оюн, жаштарды билим алууга, улам жаңы маалыматтарга үндөө максатында гуманитардык факультетинин тарых кафедрасы жарыялаган жумалыктын алкагында уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro