СТУДЕНТТЕР ДИН БОЮНЧА БИЛИМДЕРИН БАЙЫТУУДА » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » СТУДЕНТТЕР ДИН БОЮНЧА БИЛИМДЕРИН БАЙЫТУУДА
18 апрель 2023
186

СТУДЕНТТЕР ДИН БОЮНЧА БИЛИМДЕРИН БАЙЫТУУДА

СТУДЕНТТЕР ДИН БОЮНЧА БИЛИМДЕРИН БАЙЫТУУДА
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери диний өкүлдөр менен жолугушуп, ислам дини тууралуу маек курушту.
Иш чаранын коноктору Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин окутуучусу Санжар Тажибаев жана теология илимдеринин докторлору Зайнабидин Ажимаматов, Зууриддин Өскөнбай уулу болуп, катышуучулар менен бир канча диний маселелерди талкуулашты.
Тагыраагы дин менен илимдин байланышы, коомдогу диний түшүнүктүн жардылыгы жана жаштардын динге болгон мамилеси тууралуу кенен пикирлер айтылды. Жалпысынан коноктор ислам дини жана андагы илимдин орду боюнча тийиштүү маалыматтарды берүүгө аракеттеништи.
Жолугушуунун жүрүшү суроо-жооп менен уланып, жогорку маанайда жыйынтыкталды. Белгилей кетсек, иш чара университеттин гуманитардык факультетинин тарых кафедрасы тарабынан уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro