СУИЦИДДИН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ ТЕГЕРЕК СТОЛДО ТАЛКУУЛАНДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » СУИЦИДДИН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ ТЕГЕРЕК СТОЛДО ТАЛКУУЛАНДЫ
17 май 2023
215

СУИЦИДДИН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ ТЕГЕРЕК СТОЛДО ТАЛКУУЛАНДЫ

СУИЦИДДИН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ ТЕГЕРЕК СТОЛДО ТАЛКУУЛАНДЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Суициддин алдын алуунун ыкмалары жана тиешелүү факторлору” аталышында республикалык тегерек стол болуп өттү.
Иш чара окуу жайдын гуманитардык факультетинин социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага социалдык чөйрөнүн адистери, ЖОЖдордун окутуучулары жана студенттери катышты.
Тегерек столду университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып, учурдун урунттуу көйгөйү “суицид” боюнча өз баамдоолорун айтып, жаштарды ар бир жагдайга чыдамдуу болуп, жаркын жашоого ар дайым мүмкүн экенин белгиледи.
Иш чараны тегерек столдун баяндамачылары улап, алар эвтаназия, суициддик нраванын социалдык, психологиялык көйгөйлөрү, суициддин келип чыгуу факторлору жана аны алдын алуу боюнча өз макалаларын окуп беришти. Мындан сырткары дал ушул тармакта жүргүзүлгөн экспертизалар көрсөтүлүп, статистикалык маалыматтар айтылды.
Соңунда катышуучулардын ортосунда талкуу жаралып, бир канча суроолор узатылып, тийиштүү адистер тарабынан жооптор алынды. Мында жарандарды өз жанын кыюудан оолактатуу, аларга психологиялык жактан колдоо көрсөтүү маселелери козголду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro