ОшМПУда КЕСИПТИК БАГЫТТА АЧЫК ЭШИК ӨТКӨРҮЛДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда КЕСИПТИК БАГЫТТА АЧЫК ЭШИК ӨТКӨРҮЛДҮ
19 май 2023
269

ОшМПУда КЕСИПТИК БАГЫТТА АЧЫК ЭШИК ӨТКӨРҮЛДҮ

ОшМПУда КЕСИПТИК БАГЫТТА АЧЫК ЭШИК ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Гуманитардык факультетинде “Кесибим – келечегим” аталышында ачык эшик өткөрүлдү.
Саамалык бакалавр даражасына кесиптик багытта адистешүүнү тереңдетүүгө багытталып, ага окуучулар жана колледждин чет тили жана социалдык иштер адистигинин бүтүрүүчүлөрү катышты.
Иш чараны университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып берип, заман талабына жараша жуурулушуп, кесип тандоодо жаңылбоого чакырып өттү. Андан соң факультет тууралуу маалымат камтылган видеоролик коюлуп, концерттик программа жана интеллектуалдык оюн менен коштолду. Ошондой эле 10 студентке быйылкы окуу жылында гуманитардык факультетине тапшырууга сертификаттар тапшырылды. Натыйжада сертификатка ээ болгон абитуриенттер автоматтык түрдө окууга кабыл алынат.
Аны улай катышуучулар университеттин билим берүү, маданий, спорт тармактары жөнүндө кеңири маалымат алышып, факультеттин артыкчылыктары, материалдык техникалык базасы менен жакындан таанышып чыгышты.
Белгилей кетсек, аталган иш чара жаштардын билим деңгээлиинин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү жана кесип тандоого багыт берүү максатында Гуманитардык факультети тарабынан уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro