ДОЦЕНТ ЭРНИС АВАЗОВ ОКУУ ЖАЙДА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ДОЦЕНТ ЭРНИС АВАЗОВ ОКУУ ЖАЙДА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
17 ноябрь 2023
134

ДОЦЕНТ ЭРНИС АВАЗОВ ОКУУ ЖАЙДА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ

ДОЦЕНТ ЭРНИС АВАЗОВ ОКУУ ЖАЙДА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде тарых жана социалдык иш адистигинин студенттери үчүн конок-лекция болуп өттү.
Аталган лекциянын коногу Жалал-Абад мамлекеттик университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Эрнис Авазов болуп, ага факультеттин окутуучулар жана студенттер жамааты катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө лектор тарых илиминин айрым теориялык жана методологиялык маселелери темасынынын алкагында кыргызстандын тарыхынын мисалында лекция окуду. Ошондой эле тарыхый таанымдын түрлөрү, изилдөөнүн усулдары, тарых илиминин принциптери жана философиясы тууралуу кеңири маалымат берип, кызыктуу талкуу жүргүздү. Аны улай лекция суроо-жооп менен коштолду.
Эскерте кетсек, бул иш чара окуу жайдын гуманитардык факультети тарабынан студенттердин тарых боюнча билим дүйнөсү кеңейип, анын методдору тууралуу дагы-да көп маалыматка ээ болуп, мыкты адис болуусуна шарт түзүү максатында уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro