ОКУУ ЖАЙДА ТАРЫХЧЫЛАР ТАЙМАШАТ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОКУУ ЖАЙДА ТАРЫХЧЫЛАР ТАЙМАШАТ
16 ноябрь 2023
101

ОКУУ ЖАЙДА ТАРЫХЧЫЛАР ТАЙМАШАТ

ОКУУ ЖАЙДА ТАРЫХЧЫЛАР ТАЙМАШТЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” аттуу интеллектуалдык оюн болуп өттү.
Саамалык жаштардын дүйнө таанымын, билидимдерин кеңейтүү максатында Насирдин Исановдун 80 жана Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына карата гуманитардык факультетинин Т-20 тайпасы тарабынан уюштурулду.
Аталган таймашта окуу жайдын гуманитардык факультетинин 1-курстан 4-курска чейинки тайпаларынан түзүлгөн командалар ат салышып, өз билимдерин сынашты.
Катышуучулар жободо белгиленгендей аралаш суроолор, тарых, сырдуу сандык жана логика аттту категориялардагы суроолорго жооп берүү менен атааңдаштык жаратышты.
Таймаштын жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон 3 команда байгелүү орундарды ээлешип, жеңүүчүлөргө кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro