Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ТАРЫХЧЫЛАРГА АРНАЛГАН ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ
22 февраль 2024
115

ТАРЫХЧЫЛАРГА АРНАЛГАН ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ

ТАРЫХЧЫЛАРГА АРНАЛГАН ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ооган согушунун ардагерлеринин катышуусунда тарых адистигинде окуган магистранттарга жана студенттерге арналган тегерек стол болуп өттү.
Аталган иш чара "Эрдик эч качан унутулбайт" аталышында болуп, ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев жана Ош облустук мергенчилер, балыкчылар коомунун төрагасы Абдумажит Алымкулов, экотех инспекциясынын бөлүм башчысы Арапбай Исмайилов жана көзгө атар мергенчи Маматиса Досматов, окутуучулар, магистранттар жана студенттер катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө СЭБ-1-23 тайпасынын магистранты Буниса Советбек кызы "Кыргызстан элинин блокададагы Ленинград шаарына көрсөткөн жардамы" жана СЭБ-1-22 тайпасынын магистранты Жанара Шерикбек кызы "Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Кыргызстандагы аялдардын ролу" темасында өз баяндамаларын жасады.
Аны улай жыйын эркин форматта уланып, тарыхтагы согуштун орду жана эр азаматтардын эрдиги, андагы көйгөйлөр, бир канча сунуш-пикирлер айтылып кызуу талкуу жүрдү. Жыйынтыгында конокторго катышуучулар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.
Белгилей кетсек аталган иш чара Ленинград шаарынын курчоодон бошотулгандыгынын 80 жылдыгына карата окуу жайдын гуманитардык факультетинин тарых кафедрасы тарабынан уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro