Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » АНГЛИС ТИЛИ АДИСТИГИНИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ КАЙРАДАН ОКУУ ЖАЙДА
3 март 2024
119

АНГЛИС ТИЛИ АДИСТИГИНИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ КАЙРАДАН ОКУУ ЖАЙДА

АНГЛИС ТИЛИ АДИСТИГИНИН БҮТҮРҮУЧҮЛӨРҮ КАЙРАДАН ОКУУ ЖАЙДА
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде англис тили адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууга окутуучулар, бүтүрүүчүлөр жана студенттер катышты. Иш чараны гуманитардык факультетинин деканы Нурбек Маткаримов ачып берип, ал өз сөзүндө адистиктин ачылганына 25 жыл болгондугун белгилеп, бул аралыктагы жетишкендиктерди жана ийгиликтерди айтып өттү.
Мында студенттер тарабынан концерттик программа тартууланып, бүтүрүүчүлөргө кызыктуу суроолор берилип, алардын студентик күндөрүн чагылдырган слайд көрсөтүлдү. Андан соң бүтүрүүчүлөргө сөз берилип, мында алар жетишкен ийгиликтери, студенттик мезгилдеги эсте калган учурлары менен бөлүшүп, окутуучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.
Жыйынтыгында ийгиликтерди жаратып, сыймыкка ээ болгон бүтүрүүчүлөргө “Сыймыктуу бүтүрүүчү” наамы ыйгарылып, адистик боюнча учурдагы актуалдуу суроолорду камтыган онлайн сурамжылоо жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек жолугушуу бүтүрүүчүлөр менен тыгыз байланышты күчөтүү, аларга усулдук жактан жардам көрсөтүү максатында англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасы тарабынан уютурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro