Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОКУУ ЖАЙДА ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ МУРАС ОБЪЕКТТЕРИН САКТОО БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ
4 апрель 2024
94

ОКУУ ЖАЙДА ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ МУРАС ОБЪЕКТТЕРИН САКТОО БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ

ОКУУ ЖАЙДА ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ МУРАС ОБЪЕКТТЕРИН САКТОО БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Кыргыздын көөнө мурастарын сактап калалы" аталышында семинар болуп өттү.
Иш чараны окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев ачып берип, тарыхый объекттер жөнүндө түшүндүрмө берип кетти. Семинарды тарых кафедрасынын археологу, магистр, окутуучу Канат Казакбаев өтүп, ага Ош шаарындагы Курманжан датка муниципиалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Мында тренер Кыргызстандагы тарыхый-маданий мурастар, эстеликтер тууралуу айтып, аны сактап калуу, кийинки муунга өткөрүп берүү тууралуу лекция окуду. Семинардын жүрүшүндө келген коноктор тарабынан суроолорго жооп айтылып, тарыхый эстеликтер табылса кайсыл мекемеге кайрылуусу керек экендиги да түшүндүрүлдү. Бул иш чара алдыда шаардагы жана облустагы мекемелерге, ишканаларга жана айыл өкмөттөргө да өткөрүлмөкчү.
Белгилей кетсек, аталган саамалык КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги КРнын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 701 2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндөгү токтомуна жана Ош шаарынын мэриясынын атайын токтомуна ылайык уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro