Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН СУЛАЙМАН-ТООДО ПРАКТИКАЛЫК САБАК УЮШТУРУЛДУ
6 апрель 2024
92

СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН СУЛАЙМАН-ТООДО ПРАКТИКАЛЫК САБАК УЮШТУРУЛДУ

СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН СУЛАЙМАН-ТООДО ПРАКТИКАЛЫК САБАК УЮШТУРУЛДУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин тарых адистигинин окутуучулары жана студенттери “Сулайман-Тоо” Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине экскурсия жасашты.
Иш чарага гуманитардык факультетинин тарых кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышты. Мында алгач “Сулайман-Тоо” Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин илимий агартуу бөлүмүнүн башчысы Чолпонай Бабыева музей комплексиндеги музей фондунун экспонаттары, археологиялык жана этнографиялык мурастары, документтер жана сүрөттөр, кол өнөрчүлүк буюмдары тууралуу лекция өттү.
Бул менен бирге Сулайман-Тоонун корук жана буфердик аймагына мониторинг жүргүзүү секторунун башчысы Эмирлан Мырзабеков тоодогу тарыхый жерлерди, петроглифтер боюнча айтып, студенттерди кызыктуу маалыматтар менен камсыздады.
Андан соң магистр-окутуучу Канатбек Казакбаев студенттердин археология предметинен алган теориялык билимдерин практика жүзүндө көрсөтүп, Сулайман-Тоонун чыгыш тарабында жайгашкан орто кылымдарда курулган мончо боюнча практикалык сабак өтүп берди.
Белгилей кетсек, аталган саамалык 2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 412 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro