STEM БАГЫТЫНДА КЕЗЕКТЕГИ СЕМИНАР » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » STEM БАГЫТЫНДА КЕЗЕКТЕГИ СЕМИНАР
20 апрель 2024
122

STEM БАГЫТЫНДА КЕЗЕКТЕГИ СЕМИНАР

STEM БАГЫТЫНДА КЕЗЕКТЕГИ СЕМИНАР
18-19-20-апрель күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Англис тили жана STEM” аталышында 3 күндүк семинар болуп өттү.
Ага университеттин гуманитардык факультетинин жана колледждин дүйнөлүк тилдер кафедрасынын англис тили предметинин окутуучулары катышты.
Мында Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы тилди интеграциялоо борборунун тренерлери Виктория Булатова жана Валентин Дейчман STEM инновациялык ыкмасын билим берүүдө англис тилинде ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо менен 2-модулдук семинарды өтүп беришти.
Маалымат иретинде, STEM-билим берүү – табигый илимдер, технология, инженерия жана математика сабактарын айкалыштырган окутуу. Бул ыкма илимий кубулуштарды жөнөкөй жана жеткиликтүү визуалдаштыруу аркылуу билимге ээ болуу максатын көздөгөн теориялык жана прикладдык илимдердин айкалышына негизделген, бул практиканын жана процесстерди терең түшүнүүнүн негизинде билим алууну жеңилдетет.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro