22 апрель 2024
150
ЖУМАЛЫКТЫН АЛКАГЫНДА ДИН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ
ЖУМАЛЫКТЫН АЛКАГЫНДА ДИН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде 22-апрелден 26-апрелге чейин илимий-усулдук жумалык старт алды.
Аталган жумалык факультеттин тарых кафедрасы тарабынан уюштурулуп, эң алгач “Диндин коомдогу орду жана бүгүнкү абалы” аталышында тегерек стол өттү.
Ага КРнын Президентине караштуу Дин боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фархад Адилбек уулу, теология илимдеринин доктору, доцент Зайнабидин Ажиматов, ОшМУнун теология факультетинин окутуучусу Санжар Тажибаев жана факультеттин окутуучулары, студенттери катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө адистер учурдагы көп сандагы диний радикалдык агымдар, терроризм, майда секталар жана ага алданган жаштар, жалпы коомчулуктун дин боюнча түшүнүгү, ага мамилеси тууралуу соңку маалыматтарды бөлүштү. Катышуучулар тарабынан суроолор берилип, диндин буга чейинки жана учурдагы абалы тууралуу талкуу жүрдү. Соңунда элдердин жана жаштардын диний сабатсыздыгын билим гана жеңет деген бүтүм менен тегерек столду жыйынтыкташты.