ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
25 апрель 2024
15

ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү.
Аталган жолугушуу “Дүйнөнүн шамы – билим, жашоонун шамы – эмгек” аталышында болуп, ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев, окутуучулар, иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана студенттер катышты.
Иш чара тегерек стол форматында өтүп, мында адистикке тиешелүү окуу пландары, негизги билим берүү программасынын сапаты жана кадр маселеси талкууланды. Ошондой эле иш берүүчүлөрдөн сунуш – пикирлер айтылып, студенттерди жумушка жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Соңунда иш берүүчүлөрдүн сунуш – пикирлери боюнча анкеталар алынып, социалдык тармак айдыңында зор эмгек жасап, окуу жай менен тыгыз байланышта болуп келген катышуучуларга ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Белгилей кетсек, жолугушуу 22-апрелден 26-апрелге чейин өтүлүүчү тарых кафедрасы тарабынан уюштурулган жумалыктын алкагында социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулду. уюштурулган.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro