Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » СТУДЕНТТЕР ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ БОЮНЧА МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ
21 май 2024
104

СТУДЕНТТЕР ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ БОЮНЧА МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ

СТУДЕНТТЕР ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ БОЮНЧА МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Экстремизм, терроризмдин келип чыгуу факторлору жана алдын алуу” аталышында семинар болуп өттү.
Семинарды университеттин гуманитардык факультетинин деканы Нурбек Маткаримов өтүп, ага аталган факультеттин студенттери катышты. Мында катышуучуларга экстремизм, радикализм жана терроризмдин алдын алуу боюнча кеңири маалымат берилди.
Бул менен бирге студенттерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы менен тааныштырып, программанын маани-маңызын, зарылдыгын учурдагы абалга жалпы баа берүү менен айтып берди. Жыйынтыгында катышуучулар тренерге бир канча суроолорду узатышып, экстремизм, терроризм боюнча өз билимдерин толукташты.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro