БАКАЛАВР ДАРАЖАСЫН АЛУУ ҮЧҮН КОЛЛЕДЖДИН СТУДЕНТТЕРИНЕ АРНАЛГАН КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШ ЧАРАСЫ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » БАКАЛАВР ДАРАЖАСЫН АЛУУ ҮЧҮН КОЛЛЕДЖДИН СТУДЕНТТЕРИНЕ АРНАЛГАН КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШ ЧАРАСЫ ӨТТҮ
23 май 2024
131

БАКАЛАВР ДАРАЖАСЫН АЛУУ ҮЧҮН КОЛЛЕДЖДИН СТУДЕНТТЕРИНЕ АРНАЛГАН КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШ ЧАРАСЫ ӨТТҮ

БАКАЛАВР ДАРАЖАСЫН АЛУУ ҮЧҮН КОЛЛЕДЖДИН СТУДЕНТТЕРИНЕ АРНАЛГАН КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШ ЧАРАСЫ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде гуманитардык факультети тарабынан бакалавр академиялык даражасын алуу үчүн кесипке багыт берүү иш чарасы өткөрүлдү.
Саамалык “Кош кел, бүтүрүүчү!” аталышында болуп, ага университеттин профессордук-окутуучулук жамааты жана колледждин студенттери катышты. Мында алгач гуманитардык факультетинин деканы Нурбек Маткаримов сөзгө чыгып, аталган факультеттин артыкчылыктары, андагы адистиктер, түрдүү багыттар, ага керектелүүчү документтер, мобилдүүлүк программасы, студентер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр, тил билүүнүн пайдасы тууралуу кеңири маалымат берди.
Аны улай катышуучуларга англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасы боюнча видео тасма көрсөтүлүп, гуманитардык факультетинин студенттеринин концерттик программасы менен коштолду. Мында таланттуу студенттер бий бийлеп, студенттик күндөрдү чагылдырган тамашаларды аткарып, англис жана кыргыз тилинде жагымдуу чыгармаларды аткарышты. Иш чара шаңдуу атмосфера менен коштолуп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Мындан сырткары катышуучулар тест белгилешип, анын жыйынтыгында жеңүчү аталган студенттерге окууга тапшырууга жеңилдик багытындагы сертификаттар тапшырылды. Ошондой эле гуманитардык факультети тууралуу маалымат баракчалары таркатылып, колледжден бүтүп келип, бакалавр бөлумүндө окуган студенттер өз пикири менен ой бөлүштү.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro