ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ АРНАЛГАН ИШ ЧАРА ӨТТҮ
ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ АРНАЛГАН ИШ ЧАРА ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде англис тили жана тарых адистиктеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн маданий кече уюштурулуп, студенттерге сыйлыктар тапшырылды.
Саамалык “Ак жол, сага бүтүрүүчү!” аталышында болуп, ага факультеттин окутуучулук жамааты, ата – энелер, бүтүрүүчүлөр жана студенттер катышты. Мында алгач кечени аталган факультеттин деканы Нурбек Маткаримов ачып берип, жалпы бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо менен бирге алардын сапары байсалдуу болушуна тилектеш экендигин билдирди.
Андан соң бүтүрүүчүлөрдүн 2020-2024 –жылдар аралыгындагы студенттик көз ирмемдерин чагылдырган сүрөт, видеолору “Менин студенттик алтын доорум” аталышындагы видео тасма аркылуу көрүүчүлөргө тартууланды. Бул менен бирге англис тили адистигинде билим алып жаткан студенттер концерттик программа тартуулап, мында ыр- бийлер жана “Ring Leaders” тамашоучулар командасы тарабынан студенттик күндөр жөнүндөгү окуялар сахналаштырылды.
Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө сөз берилип, алар жалпы окутуучуларга ыраазычылык билдирүү менен, аларга арнап жазылган ырларын тартуулашты. Иш-чаранын соңунда окууда, маданий жана коомдук иштерде өз активдүүлүгүн көрсөтүп, ийгиликтерди жараткан бүтүрүүчүлөргө деканат тарабынан ыраазчылык каттар тапшырылды.