ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИ КЫРГЫЗ ТИЛИН ДАҢАЗАЛАШТЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИ КЫРГЫЗ ТИЛИН ДАҢАЗАЛАШТЫ
26 сентябрь 2024
27

ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИ КЫРГЫЗ ТИЛИН ДАҢАЗАЛАШТЫ

ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИ КЫРГЫЗ ТИЛИН ДАҢАЗАЛАШТЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата майрамдык салтанат уюштурулду.
Ага аталган факультеттин деканы Нурбек Маткаримов баштаган окутуучулар жана студенттер күбө болушту. Саамалык эне тилди сактоого, анын кадыр-баркын көтөрүүгө жана өнүгүшүнө салым кошуу максатында өткөрүлүп, мында таланттуу студенттер кыргыз тилинин баалуулугун даңазалаган сахналык көрүнүштөрдү тартуулап, комузда кол ойнотушту. Бул менен бирге көркөм окуу, обондуу ыр, бий, тамашоу, дастан айтуу программалары да аткарылды.
Белгилей кетсек иш чара 23-сентябрь “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында өткөрүлдү.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro