ОКУУ ЖАЙДА МУГАЛИМДЕРДИН КҮНҮНӨ КАРАТА АЧЫК ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛҮП БАШТАДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОКУУ ЖАЙДА МУГАЛИМДЕРДИН КҮНҮНӨ КАРАТА АЧЫК ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛҮП БАШТАДЫ
30 сентябрь 2024
28

ОКУУ ЖАЙДА МУГАЛИМДЕРДИН КҮНҮНӨ КАРАТА АЧЫК ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛҮП БАШТАДЫ

ОКУУ ЖАЙДА МУГАЛИМДЕРДИН КҮНҮНӨ КАРАТА АЧЫК ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛҮП БАШТАДЫ
Мугалимдердин кесиптик майрамы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жогорку маанай менен башталды.
Ага ылайык бүгүн гуманитардык факультетинин тарых кафедрасы тарабынан 5-октябрь мугалимдер күнүнө карата “Жароокерим жашыл бакчам мугалим!” аталышында ачык тарбиялык саат өткөрүлдү. Иш чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев, гуманитардык факультетинин деканы Нурбек Маткаримов баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.
Ачык тарбиялык саат т-22 тайпасынын куратору Канатбек Казакбаев тарабынан даярдалып, мында тарых адистигиндеги т-22 жана т-24 тайпасынын студенттери өз чыгармачылыктарын тартуулашып, агартуучуларга арналган ырларды, бийлерди, көркөм окуу жана сахналык көрүнүштөрдү аткарышты. Аталган саамалык болочок педагогдорго мугалимдик кесиптин улуулугун даңазалоо максатында өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, иш чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жарыяланган үч айлыктын алкагында уюштурулду.    
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro