4 октябрь 2024
83
МУГАЛИМДЕР МАЙРАМЫНА КАРАТА АЧЫК ТАРБИЯЛЫК СААТ ӨТҮЛДҮ
МУГАЛИМДЕР МАЙРАМЫНА КАРАТА АЧЫК ТАРБИЯЛЫК СААТ ӨТҮЛДҮ
Мугалимдердин кесиптик майрамына карата Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ар кандай форматта түрдүү иш чаралар өткөрүлүп жатат.
Катарда гуманитардык факультетинин социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан ачык тарбиялык саат уюштурулуп, ага факультет деканы Нурбек Маткаримов баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер күбө болушту.
Иш чара "Мугалимдин эмгеги – элдин келечеги" аталышында болуп, мында куратор Айзирек Курманбекова баштаган с-23 тайпасынын таланттары концерттик программа коюп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай жаратышты.