СТУДЕНТТЕР ХЭЛЛОУИН МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » СТУДЕНТТЕР ХЭЛЛОУИН МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ
31 октябрь 2024
32

СТУДЕНТТЕР ХЭЛЛОУИН МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ

СТУДЕНТТЕР ХЭЛЛОУИН МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде англис тили адистигинин студенттери арасында “Хэллоуин” майрамы белгиленди.
Иш чарага аталган факультеттин деканы Нурбек Маткаримов баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер күбө болушту. Мында англис тили адистигинин 1-курстары тарабынан "Hарру Нalloween"аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү. Кечеде катышуучулар бул майрамдын келип чыгуу тарыхын айтышып, ыр-бийлер аткарылып, түрдүү оюн зооктор уюштурулду.
Саамалыктын башкы максаты англис тилин үйрөтүү менен бирге студенттерди ошол өлкөнүн үрп-адат, каада – салттарын, тарыхын жана маданиятын кошо өздөштүрүүгө багыттоо болуп саналат. Кеченин соңунда мыкты катышуучулар үчүн англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасы тарабынан атайын сертификаттар жана номинациялар тапшырылды.
Маалымат иретинде, Хэллоуин майрамы жыл сайын 31-октябрда белгиленет жана Америка Кошмо Штаттарында, Канадада кеңири тараган. Бирок Хэллоуинге байланыштуу каада-салттар дүйнөнүн чар тарабына жайылган. Айрым жерлерде, аты эле башка болгону болбосо, рухтардын дүйнөсү менен, анын ичинде арбактар, сыйкырчы аялдар, жез кемпирлер, ал тургай жин-шайтандар менен байланышкан ушу сыяктуу майрамдар белгиленет. “Хэллоу”деген англисче “ыйык” дегенди билдирген байыркы сөз. “Ол хэллоус дэй” (Бардык ыйыктардын күнү) майрамы өлгөн ыйыктардын урматына деп белгилешет. Анын алдындагы кеч “Ол хэллоу ивин” (Бардык ыйыктардын кечи) деп аталчу, кийин “Хэллоуин” деп аталып калган.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro