27 ноябрь 2024
34
ОшМПУда КЫЗДАРГА АРНАЛГАН СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ
ОшМПУда КЫЗДАРГА АРНАЛГАН СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде "Кыз адеби кымбат" аталышында жолугушуу семинары өткөрүлдү.
Семинардын коноктору Ош мамлекеттик университетинин доценти, ф.и.к., "Асылзат" аялдар коомунун президенти, оратор Нуркыз Кадырбек кызы жана ОшМУнун Билим лицейинин математика мугалими, “Жылдын мыкты мугалими-2024” республикалык сынагынын баш байгесинин ээси Назгүл Каныбекова болуп, ага аталган факультеттин студент кыздары катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө коомдогу, үй-бүлө куруудагы кыздардын орду, алардын жүрүм-туруму, кыздарга болгон коомчулуктун сый-урматы, турмуш курууга болгон даярдыгы, тарбиясы, келиндик милдети, аларга тиешелүү балуулуктар боюнча коноктор өздөрүнүн кеп-кеңештерин айтышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп өтүштү. Аны улай семинар суроо-жооп иретинде уланып, студенттер тарабынан берилген суроолорго тиешелүү жооптор айтылды.