ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ АДАБИЙ КЕЧЕ УЮШТУРУЛДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ АДАБИЙ КЕЧЕ УЮШТУРУЛДУ
28 ноябрь 2024
20

ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ АДАБИЙ КЕЧЕ УЮШТУРУЛДУ

ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ АДАБИЙ КЕЧЕ УЮШТУРУЛДУ

 Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде адабий кече өткөрүлдү.

Иш чарага аталган факультеттин деканы Нурбек Маткаримов баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер күбө болушту. Адабий кече англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага Ан 22-б1-к1 тайпалары катышты.

Кеченин программасында дүйнөлүк адабиятка салым кошкон инсандардын адабият жөнүндө айткан фраза, цитаталарынан айтуу, улуу акын-жазуучулардын ырларынан көркөм окуу, чыгармалардан кыска эпизоддорду сахналаштыруу, англис жана америкалык белгилүү жазуучу, акындардын портреттерин жана чыгармаларынан эпизоддорду чагылдырган суротторду тартуулар аткарылды.

Саамалык студенттерди адабий чыгармаларды окууга шыктандыруу, англис тилинде ырларды көркөм, так айтуу, студенттердин сахнада роль аткаруу жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу, чыгарманы окуп түшүнүү, сынчыл ой жүгүртүү, анализдөө максатын көздөйт.

Жыйынтыгында студенттердин жогорку деңгээлдеги иш аракетин баалоо менен аларга "Эң мыкты роль", "Эң мыкты окурман", "Эң мыкты сүрөтчү" жана "Эң мыкты көркөм окуучу" деген номинациялар ыйгарылып, бул менен бирге "Калпак English" англис тилин үйрөнүү курсуна арзандатуу сертификаттары тапшырылды.

        

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro