3 декабрь 2024
2
СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШ УЮШТУРУЛДУ
СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШ УЮШТУРУЛДУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде билимдүү жаштарга арналган интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.
Ага аталган факультеттин деканы Нурбек Маткаримов баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер күбө болушту. Акыл таймаш кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата тарых кафедрасынын жумалыгынын алкагында Т-22 тайпасынын студенттери жана куратору Канатбек Казакбаевдин жетекчилиги астында уюштурулуп, мында факультеттен суурулуп чыккан 12 команда катышты. Мында студенттер аралаш суроолор, логикалык суроолор жана тарыхый инсандар сыяктуу категориялардын негизинде өз билимдерин сынашып, кызуу таймаш курушту.
Жыйынтыгында 4- орунду Ан-24к1 тайпасынын "Санжыра" командасы, 3-орунду Т-24(б)1 тайпасынын “Айкөл" командасы, 2-орунду Ан-23к1 тайпасынын "Ring Iiders" командасы жана 1-орунду Ан-23б1 тайпасынын "Акыл жарыгы" командасы багындырды. Жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга уюштуруу тобу тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.