ОшМПУда ЭЛ АРАЛЫК МАЙЫПТАРДЫ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда ЭЛ АРАЛЫК МАЙЫПТАРДЫ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ ӨТТҮ
3 декабрь 2024
6

ОшМПУда ЭЛ АРАЛЫК МАЙЫПТАРДЫ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ ӨТТҮ

ОшМПУда ЭЛ АРАЛЫК МАЙЫПТАРДЫ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ ӨТТҮ
3-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде кайрымдуулук акциясы уюштурулду.
Саамалык аталган факультеттин социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, «Коомдогу аялуу катмарларды колдоо- биздин инсандык бийик сапат» аталышында болуп өттү. Иш чараны кафедранын окутуучусу Айзирек Курманбекова жетектеп, мында социалдык иштер адистигинин 1-4-курстарынын студенттери менен биргеликте Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан 3 үй - бүлөгө тамак-аш жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды тапшырып, алар менен жакындан баарлашып келишти. Балдардын ата- энелери кубануу менен биргеликте өз ыраазычылыктарын билдиришип, ак баталарын беришти.
Маалымат иретинде, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 1992-жылдагы резолюциясына ылайык, жыл сайын 3-декабрда Майыптардын эл аралык күнү белгиленет.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro