ОшМПУ Самарканд мамлекеттик чет тилдер институту менен кызматташат » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУ Самарканд мамлекеттик чет тилдер институту менен кызматташат
24 январь 2025
85

ОшМПУ Самарканд мамлекеттик чет тилдер институту менен кызматташат

ОшМПУ Самарканд мамлекеттик чет тилдер институту менен кызматташат
Ош мамлекеттик педагогикалык университети Өзбекстандын Самарканд мамлекеттик чет тилдер институту менен кызматташуу келишимин түздү.
Эки тараптуу кызматташуу меморандумуна университеттин гуманитардык факультетинин деканы Нурбек Маткаримов жана Самарканд мамлекеттик чет тилдер институтунун ректору Баходир Холиков кол коюшту.
Аталган келишим студенттердин мобилдүүлүк программасы жана окутуучулардын билимдерин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу, илимий долбоорлорлор туурасында жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачуу максатын көздөйт. Жолугушуунун алкагында тараптар ортосунда билим берүү жаатында ЖОЖдор аралык кызматташуу алакасын чыңдоо, байланышты бекемдөө жана жаңы программаларды ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
“Биз иш сапары менен Өзбекстандагы аталган окуу жайга барып, ректор менен жолугуштук. Анын натыйжасында жаңы келишимдерди түздүк. Учурда бул окуу жайда биздин 4 студент мобилдүүлүк менен келип окуп жатат. Аларды жатакана менен камсыздашты. Ошондой эле англис тили адистиги боюнча дагы бизден аларга, алардан бизге окутуучуларды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түздүк” – деп билдирди гуманитардык факультетинин деканы Нурбек Маткаримов.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro