14 февраль 2025
57
Жолугушуу: Кыздарга психофизиологиялык жана медициналык билим берүү – учур талабы
Жолугушуу: Кыздарга психофизиологиялык жана медициналык билим берүү – учур талабы
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде "Кыздарга психофизиологиялык жана медициналык билим берүү – учур талабы" аталышында жолугушуу өткөрүлдү.
Саамалыктын коноктору Ош шаардык төрөт үйүнүн акушер-гинекологу Бегимай Оморова, психолог Каныкей Кожомбердиева жана ОшМПУнун дарыгери Бусара Таштанова болду. Мында адистер окуу жайда билим алып жаткан студент кыздар менен маанилүү темалар боюнча пикир алышып, коомдогу көйгөйлөр жана алардын алдын алуу туурасында кеңири маалыматтарды беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө психологиялык жана физиологиялык ден соолукка кам көрүү, репродуктивдик тарбия, гигиеналык нормалар жана аларга жоопкерчиликтүү мамиле жасоо туурасында сөз болду. Ошондой эле адистер никесиз кыздардын боюнда болуусу, ымыркайды таштандыга таштоо сыяктуу соңку жылдары болуп жаткан коомдогу терс көрүнүштөр боюнча өз пикирлерин айтышып, аталган иш-аракеттердин алдын алуу боюнча кеп кеңештерди беришти.
Соңунда студенттер тарабынан жазылган анонимдүү суроолорго коноктор тарабынан кеңири жооптор айтылды. Белгилей кетсек аталган иш чара окуу жайдын Аялдар кеңешинин төрайымы Гүлчехра Токтосунова тарабынан уюштурулду. Бул сыяктуу жолугушуулар жаштар арасында абдан актуалдуу болуу менен бирге алардын медициналык жана психологиялык билимдерин жогорулатууга зор өбөлгө түзөт.



