28 февраль 2025
97
ОшМПУнун студенти китеп окуу сынагында баш байгени багындырды
ОшМПУнун студенти китеп окуу сынагында баш байгени багындырды
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенти “Билимдүүгө дүйнө жарык” аттуу китеп окуу сынагында 1-орунду ээледи.
Иш-чара 28-февраль күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде уюштурулуп, онлайн жана офлайн форматында өттү. Ага Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан ата-энелер, студенттер жана мектеп окуучулары катышты. Катарда окуу жайдын гуманитардык факультетинин студенти Айгерим Султанова студенттер арасында баш байгени жеңип алып, ноутбук менен сыйланды.
Сынак ата-энелер үчүн – "Баланы жазасыз тарбияла", окуучулар үчүн – "Чыңгызхандын ак булуту", ал эми студенттер үчүн – "Делбирим" повестинин негизинде өткөрүлдү. Саамалыктын жыйынтыктоочу бөлүгүнө КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, Ош шаардык кеңешинин депутаттары жана атайын чакырылган коноктор катышып, жеңүүчүлөргө баалуу белектерди тапшырышты.



