ОшМПУга Фергана мамлекеттик университетинин делегациясы келди » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУга Фергана мамлекеттик университетинин делегациясы келди
5 март 2025
22

ОшМПУга Фергана мамлекеттик университетинин делегациясы келди

ОшМПУга Фергана мамлекеттик университетинин делегациясы келди
Ош мамлекетик педагогикалык универсетинде Фергана мамлекеттик университетинен келген делегация конок болушту.
Конокто Фергана мамлекеттик университетинин тарых факультетинин деканы, т.и.д., доцент Наргизахон Алимова, тарых кафедрасынын башчысы, т.и.д., профессор Бахриддин Усмонов, социология кафедрасынын башчысы, профессор Абдулатиф Абдумаликов баштаган жетекчилер жана тарых факультеттинин окутуучулары болду.
Саамалык эки тараптын алакасын арттырып, билим берүүдө бир топ натыйжалуу иштерди биргеликте жүзөгө ашыруу максатында уюштурулуп, коноктор алгач окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев жана гуманитардык факультетинин деканы Нурбек Маткаримов баштаган жамаат менен жолугушту.
Мында тараптар ортосундагы кош дипломдуулук, студенттер үчүн жайкы эс алуу программасы, академиялык мобилдүүлүк, мугалимдердин тажрыйба алмашуусу, ЖОЖдор аралык илимий изилдөө иштерин жүргүзүү сыяктуу бир топ кызматташтыктар туурасында сүйлөшүүлөр жүрдү.
Белгилей кетсек Өзбекстандын Фергана мамлекеттик университети менен окуу жай жакындан кызматташып келет. Учурда алардын тарых факультетинде гуманитардык факультетинин үч студенти жазгы академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алышууда.    
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro