ОшМПУ делегациясы Өзбекстандагы Фергана мамлекеттик университетинде » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУ делегациясы Өзбекстандагы Фергана мамлекеттик университетинде
6 апрель 2025
36

ОшМПУ делегациясы Өзбекстандагы Фергана мамлекеттик университетинде

ОшМПУ делегациясы Өзбекстандагы Фергана мамлекеттик университетинде
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен түзүлгөн делегация 3-4-апрель күндөрү Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университетине иш сапары менен барышты.
Мында окуу жайдын гуманитардык факультетинин деканы Нурбек Маткаримов баштаган окутуучулар Фергана мамлекеттик университети менен жакындан таанышып чыгышты. Иш сапардын алкагында делегация “Амир Темур дүйнөлүк тарыхта” аттуу илимий-практикалык конференцияга катышып, пленардык жыйынында баяндама жасашты. Конференцияга ЖОЖдордун илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү, магистрлер, аспиранттар жана студенттер күбө болуштую Соңунда иш-чаранын резолюциясы кабыл алынып, мыкты илимий баяндама жасагандарга сертификаттар ыйгарылды.
Мындан сырткары гуманитардык факультетинин окутуучулары аталган окуу жайдын тиешелүү адистиктерине мобилдүүлүк программасынын алкагында даярдалган конок – лекцияларды өтүп беришти. Ошондой эле англис тили жана адабияты факультетинин деканы Наргиза Тоирова жетектеген жаамат менен тараптар ортосунда билим берүү жаатындагы ЖОЖдор аралык кызматташуу, байланышты бекемдөө жана студентердин практика алмашуусун эки тараптуу ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Белгилей кетсек учурда аталган окуу жайда гуманитардык факультетинин студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алушууда.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro