ОшМПУнун 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция
23 май 2025
9

ОшМПУнун 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция

ОшМПУнун 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Иш-чара окуу жайдын 100 жылдыгына, Улуу жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргыз комсомолунун 100 жылдыгына арналды. Ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев, М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов, Өзбекстандын Фергана мамлекеттик университетинин өкүлдөрү, түштүктөгү белгилүү тарыхчылар, окутуучулар жана студенттер катышты.
Мында алгач ректорлор куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, андан соң катышуучулар тарыхый документалдуу тасмага күбө болушту. Пленардык жыйында ОшМУнун доценттери Сыдык Смадияров, Абдыкерим Исаев, ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев, ОшМПУнун тарых кафедрасынын башчысы Роза Шарипова, Фергана мамлекеттик университетинин тарых кафедрасынын окутуучулары Рахмонали Бекмурзаев, Улугбек Ормонов, Набыжан Максумов жана башкалар өз докладдарын окушту.
Салтанаттын жүрүшүндө окутуучулар жана магистранттар тарабынан түрдүү темада макалалар корголуп, кызуу талкуу орун алды. Мында катышуучулар Улуу Ата Мекендик согуш жылдарын эске салып, андагы Ош шаарынын, кыргыз мектептеринин орду, өнөр жайлардын абалы, Гитлердин идеологиясы жана кыргыз комсомолунун 100 жылдыгы боюнча кеп козгоп, согуш жылдарына архивдик документтердин негизинде анализ жүргүзүштү.
Жыйынтыгында конференциянын резолюциясы кабыл алынып, мыкты баяндамачыларга сертификаттар тапшырылды. Андан соң Фергана мамлекеттик университетинин окутуучулары тарых адистигинде билим алып жаткан студенттерге атайын конок-лекцияларды өтүштү. Белгилей кетсек аталган саамалык окуу жайдын гуманитардык факультетинин тарых кафедрасы тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro