ОшМПУнун ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
4 июнь 2025
24

ОшМПУнун ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ

ОшМПУнун ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде бүтүрүүчүлөр үчүн маданий кече уюштурулуп, студенттерге сыйлыктар тапшырылды.
Саамалык аталган факультеттин тарых, социалдык иш жана англис тили адистигин аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө арналып, ага окутуучулар жамааты, ата – энелер жана студенттер катышты. Иш-чараны факультет деканы Нурбек Маткаримов ачып берип, жалпы бүтүрүүчүлөрдү кызуу куттуктады.
Кеченин жүрүшүндө ар бир тайпа кураторлору менен биргеликте сахнага чыгып, куттуктоо сөздөрүн жолдошту. Аны улай бүтүрүүчү студенттер концерттик программа коюп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты.
Бул менен бирге окууда жана коомдук, маданий, спорттук иш-чараларда ийгилик жаратып, окуу жайга сыймык алып келген студенттерге Ардак грамота, ал эми ата-энелерине ыраазычылык баракчалар тапшырылды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө сөз берилип, анда алар окуу жайдагы 4 жылдык студенттик күндөрүн эскерүү менен жылуу пикирлерин билдиришти.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro